Кыргызстанга эртең 113 миң адамды эмдөөгө жете турган AstraZeneca вакцинасы жеткирилет

28 июля 2021 12:30 947 Barometr
Поделиться в:
ok

Эртең, 29-июлда Кыргызстанга COVAX программасынын линиясынын алкагында коронавируска каршы эмдөөгө багытталган AstraZeneca вакцинасы жеткирилет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, келе турган вакцинанын көлөмү 226 миң доза жана бул 113 миң адамды эмдөөгө жетет.

Кыргызстанга буга чейин Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы келген.

Препарат менен 18 жаштан жогору курактагы баардык каалоочулар эмделе алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-erte-113-mi-adamdy-emdg-zhete-turgan-astrazeneca-vakcinasy-zhetkirilet



Добавить комментарий