СOVID-19: дарыгерлерге компенсацияга 243 миллион сом бөлүндү

7 май 2021 12:36 1246 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын Министилер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов медициналык кызматкерлерге 243 млн сом кенемтеге бөлдү. Бул тууралуу төраганын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Улукбек Марипов аталган чечимге, бүгүн, 7-май күнү кол койгон.

“Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1 165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечимге  кол койдум,” – деп жазды министирлер кабинетинин төрагасы Фейсбуктагы баракчасына.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия маалында коронавирус 4350дөй медкызматкерге жугуп, вирустан кайтыш болгон дарыгерлердин саны 100дөн ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/sovid-19-darygerlerge-kenemtege-243-million-som-blnd



Добавить комментарий