СOVID-19 менен күрөшкөн медициналык кызматкерлер мейманканаларга жайгаштырылууда

22 апрель 2020 11:49 674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык ыкчам штабдын чечими менен COVID-19 дартынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ишке тартылган медициналык кызматкерлер мейманканаларга жана конок үйлөргө жайгаштырылууда. Бул тууралуу  Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүбилдирди. 

Тийиштүү чечим обсервациялык пункттарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден соолугун сактоону камсыздоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында кабыл алынган.

Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамак, транспорт менен камсыздоо маселеси Республикалык штабдын жана жергиликтүү бийлик органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Ссылка: https://barometr.kg/sovid-19-darty-menen-krshkn-medicinalyk-kyzmatkerler-mejmankanalarga-zhajgashtyryluuda



Добавить комментарий