Сот системасынын мурдагы куратору Манас Арабаев кармалды

3 июнь 2019 12:12 854 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кишилерди жоопко тартуу аракеттерин улантып жатат. Сотко чейинки тергөө иштеринин учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, "Коррупция" беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Ал коррупция беренеси боюнча айыпталууда.

Арабаев 2-июнда кармалып  УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, Манас Арабаев ээлеген кызматынан 2018-жылы 15-майда бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-sistemasynyn-murdagy-kuratoru-manas-arabaev-karmaldy



Добавить комментарий