Кулматов менен Ибраимовдун сот отурумуна тез жардам чакырылды
Бөлүшүү:
Бүгүн Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.
Соттук отурум учурунда айыпталуучулардын бири, «АльтоГрупп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, тез жардам чакырууну суранды. Жактоочу анын кан басымы көтөрүлүп кеткенин кабарлады.
Судья Кубанычбек Касымбеков дарыгерлерди чакырууну суранды.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-oturumuna-tez-zhardam-keldi
Добавить комментарий ×