Сот Атамбаевдин бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн 7-апрелге чейин узартты

4 февраль 2021 17:55 1196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 4-февралга белгиленген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот ишин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Бүгүн айыпталуучу Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев тарабынан айыпталуучу Атамбаевге карата тандалган бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнундө өтүнүч келтирилди.

Судья, сот отурумунун катышуучуларынын пикирлерин угуп, аталган өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык, сот тарабынан иштин соттук териштирүү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрү 2021-жылдын 7-апрелине чейин узартылды.

Андан сырткары, жактоочулар жазык иштин айыпталуучу Атамбаевге карата бөлүгүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө өтүнүч келтиришти. Судья тарабынан келтирилген өтүнүч да канааттандырылуусуз калтырылды.

Андан сон, айыпталуучу Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу алынып келинбегендиктен, соттук отурум 2021-жылдын 18-февраль күнүнө саат 14:00гө жылдырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-atambaevdin-bgt-koyuu-charasynyn-mntn-7-aprelge-chejin-uzartty



Добавить комментарий