Сот Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн ачык калтырды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 28-январга белгиленген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот ишин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.
Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучу Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев Атамбаевге карата тандалган бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч келтиришти. Сот аталган өтүнүчтү ачык калтырды.
Андан сон, айыпталуучу Атамбаевдин алынып келинбегендигине жана айыпталуучу Раимжановдун келбегендигине байланыштуу, соттук отурум 2021-жылдын 3-февраль күнүнө саат 13:30га жылдырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-atambaevdin-bgt-charasyn-zgrt-tnchn-achyk-kaltyrdy
Добавить комментарий ×