Путин педофилдер менен террористтерден башка оор кылмыштар үчүн соттолгондорду мобилизациялоого уруксат берди

5 ноябрь 2022 13:56 1453 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын президенти Владимир Путин айрым оор кылмыштар үчүн соттолгон жарандар мобилизациянын алкагында аскердик кызматка чакырыла турган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу орус басылмалары жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Ушул эле мыйзамда оор беренелер менен соттолгон айрым жарандарды аскердик кызматка чакыруу мүмкүн болбогон учурлар белгиленген.

Атап айтканда, бул жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы, террористтик акт жасагандыгы, барымтага алганы, мыйзамсыз куралдуу топту уюштурганы, аба, суу же темир жол транспортун басып алганы үчүн  соттолгон адамдарга тиешелүү. 

Ошондой эле ядролук материалдарды жана радиоактивдүү заттарды мыйзамсыз алып жүргөндүгү, аларды уурдаганы же опузалап талап кылгандыгы үчүн соттолгон адамдар мобилизациялоого чакырылбайт.

Мындан тышкары, төмөндөгү кылмышка күнөөлүү деп табылгандар да мобилизацияга чакырылбайт;

чыккынчылык;

шпиондук;

мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салуу;

бийликти күч менен басып алуу;

куралдуу көтөрүлүш;

экстремисттик аракеттерге коомдук чакырыктар;

жек көрүү же кастыкты козутуу;

адамдын кадыр-баркын кемсинтүү;

эл аралык коргоодон пайдаланган адамдарга же мекемелерге кол салуу.

Мыйзам ошондой эле мобилизация мезгилинде альтернативдик жарандык кызматты өтөө тартибин белгилейт. 

Мыйзам жарыялангандан он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жарым-жартылай мобилизацияны Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргендей, алар жалпысынан 300 миң адамды чакырууну пландап жатышкан. 31-октябрда Путин жарым-жартылай мобилизация боюнча аскерге чакыруу аяктаганын билдирди. 4-ноябрда мамлекет башчы Орусияда 318 миң адам мобилизацияланганын, анын 49 миңи согуштук аймактарда экенин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-oor-kylmysh-zhasagany-chn-sottolgondordu-mobilizaciyaloogo-uruksat-berdi



Добавить комментарий