Сот: Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугу 19-августта каралат

16 август 2019 18:41 1160 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун кароо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна белгиленген отурум болбой калды. Сот аны 19-августка калтырды. Буга ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн сот процессине келбегени себеп болду. Мурдагы президент өзү да сот залына алынып келинген жок.

Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ички иштер министрлигин атайын операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды.

Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев сот адегенде Атамабевди кармап келүүнүн мыйзамдуулугун аныктап алып, анан анын баш коргоо чарасын караганы мыйзамдуу болорун белгилейт.

 Башкы прокуратыранын маалыматы боюнча Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-atambaevdi-karmoonun-myjzamduulugu-19-avgustta-karalat



Добавить комментарий