Жээнбеков дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады (Видео)

3 июль 2020 16:14 1124 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Сооронбай Жээнбеков Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Президент өз сөзүндө учурдагы оор кырдаалдын эң оор жүгүн көтөрүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

«Урматтуу биздин дарыгерлерибиз! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңарга бекем ден соолук, амандык, жакшылык жана түйшүктүү ишиңерде ийгиликтерди каалайм. Башыбыздан кечирип жаткан кыйын учурдун негизги жүгүн сиздер көтөрүп жатасыздар. Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр. Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар, - деди Жээнбеков.


Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-salamattyk-saktoo-tarmagynyn-kyzmatkerlerinin-kesiptik-majramy-menen-kuttuktady



Добавить комментарий