Жээнбеков белгилүү дарыгерлерди өкмөткө жардам берүүгө чакырды (Сүрөт)

15 июль 2020 17:54 4706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жээнбеков белгилүү дарыгерлерди өкмөткө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бүгүн, 15-июлда президент  Саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистери менен жолугушту.

«Азыркы тапта медиктер коронавирус менен күрөшүү боюнча мүмкүн болгондун баарын жасап жатышат, баарыбыз учурдагы көйгөйлөр менен алекпиз. Бирок, бул илдет менен күрөшүүдө күч-аракеттерибиздин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөбүздө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл. Андыктан бул багытта өкмөткө иш жүзүндө жардам берүү керек», — деп белгиледи Жээнбеков.

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ кылуу жана божомолдоо, илдеттин өзгөчөлүктөрү жана аны дарылоо боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунунун азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.

Президент өлкө аймактарында илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалганына токтолуп, жер-жерлердеги медиктерге кеп-кеңештерди берүүнүн, алардын квалификациясын жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

Жээнбеков менен жолугушууга медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев,  профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова, медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова, Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева, Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева катышты.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча калктын саламаттыгын коргоо үчүн токтоосуз чечимдерди талап кылган бир катар сунуш-пикирлерди айтып чыгышты. Иш-аракеттерди координациялоо үчүн Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунуш кылынды.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-belgil-darygerlerdi-kmtk-zhardam-berg-chakyrdysrt



Добавить комментарий