Жээнбеков каза болгон студенттин үй-бүлөсүнө менен жолукту (Сүрөт)

16 июль 2020 14:32 675 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбеков стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза болгон Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бүгүн, 16-июлда, президент борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды.

Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам», — деп белгиледи президент Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

«Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин», — деп белгиледи Жээнбеков.

Баарлашууда ата-энеси мектептен бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Мед академияга тапшырган кызы Адинай тууралуу айтып беришти.

Өлкө башчы Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгиледи.


Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-adinaj-myrzabekovanyn-j-blsn-bardy



Добавить комментарий