Сокулукта жасалма акчага көмүр сатып алган жаран кармалды

23 январь 2023 12:30 955 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулукта жасалма акчага көмүр сатып алып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Сокулук РИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, окуя 22-январь күнү болгон. 

Сокулук айылынын тургуну Ж.Э., 2023-жылдын 22-январында Сокулук айылынан 1,7 тонна көмүрдү жасалма 200 АКШ долларына сатып алган белгисиз адамга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. 

“Ал жасалма акчага көмүр алып анан 4300 сом өлчөмүндөгү ашкан акчасын да алып, изин жашырып качып кеткен. 
Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, издөөдө жүргөн Ж.А. 1987-жылы туулган жаран кармалган. Кармоо учурунда андан 75 даана 500 евро жана 67 даана 100 АКШ доллары алынган. Кылмышка шектүү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы бир нече кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.       

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-zhasalma-akchaga-kmr-satyp-algan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий