Сокулукта табылган кишинин сөөгү таксисттики болуп чыкты

16 март 2020 17:58 909 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунлагы Белек айылынан кишинин сөөгү табылып, ал такси кызматында иштеген жарандыкы болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ага ылайык, 15-мартта милицияга жашы 20-25тер чамасындагы азиат тектүү кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ дароо чыгып кеткен. Сөөктү кароо учурунда анын денесинин мыкаачылыктын белгилери байкалган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда маркум 24 жаштагы А.Ж. экени аныкталып, ал Бишкектеги такси кызматтарынын биринде иштей турганы такталган. Маркумдун машинасы дагы табылып, учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кылмышка шектүүлөрлү аныктоо боюнча аракеттер башталып, керектүү бардык экпертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-tabylgan-kishinin-sg-taksisttiki-bolup-chykty



Добавить комментарий