Сокулукта мечеттен кайрымдуулукка деп чогултулган акчаны кутучасы менен урдоого шектүү кармалды
Сокулук районунда мечеттин ичинен уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматта, мечетте кайрымдуулук үчүн делген кутучаны акчасы менен уурдап кеткени айтылат.
“Сокулук РИИБке арыз менен Н.Р. кайрылып, арызында 24 октябрь күнү саат танкы 05.50 убакытта белгисиз адам Сокулук айылынын Ошская көчөсүндө жайгашкаг мечетке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Сокулук РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бети ачылбай келген.
25-октябрь күнү Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1997 жылы туулган С.Е. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×