Сокулукта үй ээсин коркутуп акчасын уурдаган каракчылар кармалды (Сүрөт)

16 июль 2020 10:41 865 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулукта үй ээсине күч колдонуп 4000 доллар жана 60 миң сом акчасын уурдаган каракчылар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя 14-июль күнү болжол менен саат 04:14 чамаларында Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде катталган. Медициналык бет кап кийген 20-25 жаш курактагы балдар 38 жаштагы К.Н. аттуу жарандын үйүнө киришип, үй ээсине күч колдонушуп, белгисиз курал менен коркутушуп, 4000 АКШ долларын, 60 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алышып, “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү деп  21 жаштагы Э. С., 37 жаштагы Э. А., 20-жаштагы Т. К. жана Н. Б. аттуу жарандар камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жарандар башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги тууралуу териштирүү иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-j-eesine-tapancha-takap-cho-summadagy-akchasyn-uurdagan-karakchylar-karmaldy-srt



Добавить комментарий