Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды

6 декабрь 2021 11:08 4862 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын 5-декабрьк күнү Сокулук районунун ИИБнө белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси "Зордуктоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртеменен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К. Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБдүн имаратынын алдына чогулушкан. Алага Сокулук РИИБдүн жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөөрүн билдирген соң чогулгандар таркап кетишкен. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonunda-16-zhashtagy-kyzdy-zorduktoogo-shekt-karmaldy



Добавить комментарий