Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигитти топ балдар сабап жатат делген видео тууралуу милиция үн катты

8 август 2023 12:54 1316 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакта таркап жаткан Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигитти топ балдар сабап жатат делген видео тууралуу милиция үн катты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Милициянын айтымында, социалдык тармактарда,  ушул жылдын 6-августунда "Золотые пески" пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун каза болгон окуясына байланыштуу бир катар чындыка дал келбеген маалыматтар таратылууда.

“Алып айтсак, айрым социалдык тармактардын колдонуучулары өздөрүнүн баракчаларында көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Аталган видеодогу окуя, ушул жылдын 3-июль күнү Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болуп чыккан. Алардын айтымында, 3-июль күнү саат 01:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен.

Сурамжылоодо эки тарап тең арыз берүүдөн баш тартышкан. Окуянын катышуучулары менен Ысык-Көл РИИБдин БИИнин инспекторлору тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары соттук-медициналык экспертизанын жүрүшү боюнча эч кандай түшүнүгү жок эле, эксперттер жана милиция бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылып, каза болгон 23 жаштагы Таластык тургундун өлүмүн, анын эпилепсиясы оорусу менен байланыштырууга аракет кылып жатышат деп, ишендиришүүдө. Бул маалымат да чындыкка дал келбейт.

Буга чейин белгиленгендей, Бостери айылынын көл жээгинде эс алуучунун каза болгон фактысы, Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды эсепке алуунун электрондук журналында катталган. Окуянын күбөлөрү аныкталып, сурамжыланган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы ар кандай күмөн саноолорду жоюу максатында, каза болгон жигиттин жакындарына аталган экспертизаны Талас облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда жүргүзүүнү сунушган жана алар өз макулдугун беришкен.

Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Экспертизанын чыгарган жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.

Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан такталбаган маалыматтарга ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана расмий маалымат булактарына гана таянууну өтүнөт”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-bosteride-kaza-bolgon-23-zhashtagy-zhigitti-top-baldar-sabap-zhatat-dep-tarkap-zhatkan-video-tuuraluu-miliciya-n-katty



Добавить комментарий