Социалдык тармакка жазылган ар бир сөз эми катуу текшерилет
"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин эл өкүлдөрү тарабынан 79 депутат "макул", 10 эл өкүлү "каршы" добушун бергени аныкталган.
Жыйында каршы болгон эл өкүлдөрү, бул сөз эркиндигине коркунуч жарата турганын, мыйзамды мамлекеттик органдар адилеттүү аткара албай турганын белгилеп, интернет айдыңында эл өз оюн ачык билдире албай тургандай чектөө кирип жатканын айтышты.
Аталган мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова жазган. Ал тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.
Анын негизги максаты, интернет аркылуу кимдир бирөөгө жалаа жапкан жана ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таралышына бөгөт коюу экенин айтышат.
Эскерте кетсек, кечээ «Ак үйдүн» алдында сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өткөн. Андагы митингке жарандык активисттер, укук коргоочулар жана калаа тургундарынан 50 дөн ашык адам катышкан. "Мен фейк эмесмин!", "Сөз эркиндиги үчүн!", "Бул мыйзам эмес, бул плагиат!", "Элге каршы депутаттар кетсин!", "Бийликти узурпацияга жол бербейбиз!", "Эгер Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынса, биз экинчи Түндүк Кореяга айланабыз!" деген сөздөрдү айтып, жаып чыгышкан.
Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам долбоору:
Ушул Мыйзам жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.
1-берене
Интернетте таратылып жаткан маалымат көпчүлүк алдындагы, жарандык жана башка укуктук мамилелердин объекти боло алат. Эгер мыйзамдарда маалыматка жетүү боюнча чектөөлөр же болбосо аны берүүгө же жайылтууга башка талаптар белгиленбесе, маалымат каалаган адам тарабынан эркин колдонулуп, бир адамдан экинчи адамга берилсе болот.
2-берене
Төмөнкүлөр ушул Мыйзам менен жөнгө салына турган укуктук мамилелердин субъектилери болуп саналат:
- ыйгарым укуктуу органдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- провайдерлер, Интернет түйүнүндөгү сайттардын ээлери, сайттардын баракчаларынын ээлери;
- Интернет колдонуучулар.
3-берене
1. Интернет колдонуу менен жүзөгө ашырылган юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер, эгер юридикалык кесепеттерге алып келген иш-аракеттер адам аларды факт жүзүндө Кыргыз Республикасында жүргөндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жүргөндө жасаса да, Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган деп таанылат.
2. Юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттердин убактысы деп юридикалык кесепеттерге алып келген алгачкы иш-аракеттин убактысы эсептелинет.
4-берене
1. Маалымат жайгаштырыла турган Интернет сайтынын (же) Интернет түйүнүндөгү баракчанын ээси аталган маалыматты жайгаштырууда же аны пайдаланууда, анын ичинде аталган маалымат ушул сайтка же сайттын баракчасына Интернет түйүнүнүн башка колдонуучулары тарабынан жайгаштырылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, анын ичинде төмөнкүлөр сакталышын камсыздоого милдеттүү:
1) Интернеттеги сайт же сайттын баракчасы жалган же анык эмес маалыматты жайылтуу үчүн пайдаланылышына жол бербөө;
2) Кыргыз Республикасында жайылтуу чектелген же тыюу салынган маалыматты токтоосуз чектөөгө же ага жетүүгө тыюу салууга;
3) адамдардын аныкталбаган чөйрөсү ала турган маалыматты жайгаштырууда маалыматтын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкештигин камсыздоого;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бузууларды болтурбоо максатында сайтты же сайттын баракчасын модерациялап турууга.
2. Интернет түйүнүндөгү сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси ага юридикалык жактан маанилүү билдирмелерди жөнөтүп туруу үчүн Интернеттеги өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына фамилиясы менен инициалдарын, электрондук дарегин жайгаштырууга милдетүү.
3. Интернет түйүнүндөгү сайттын, сайттын баракчасынын ээси жана Интернет колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каалагандай ыкма менен маалыматты эркин издөөгө, алууга, берүүгө жана жайылтууга;
2) мындай тексттерди жана (же) башка материалдарды жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Интернет түйүнүнүн башка колдонуучуларынын тексттерин жана (же) башка материалдарын Интернет түйүнүндөгү өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына жайгаштырууга же жайгаштырууга жол берүүгө.
2. Интернет түйүнүндө жалган же анык эмес маалыматты жайылтууга жол берилбейт.
5-берене
1. Интернетте ага карата анын укуктарын же мыйзам коргогон кызыкчылыктарын кысымга алган маалыматтар жайылтылган/жарыяланган жаран же юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органга же сот органдарына кайрылууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу органдын кайрылууларды кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Интернетте ага карата анын укуктарын же мыйзам коргогон кызыкчылыктарын кысымга алган маалыматтар жайылтылган/жарыяланган жаран же юридикалык жак ошол эле Интернет сайтта жана (же) сайт баракчасында өз жообун жарыялоого укуктуу.
6-берене
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Интернетте жалган же анык эмес маалыматтын жайылтылышын болтурбоо боюнча чараларды көрүшөт.
Жалган же анык эмес маалымат аныкталган учурда мыйзамдардын сакталышына мониторинг кылган, Интернетти пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган провайдерге же сайттын ээсине, же сайттын баракчасынын ээсине карата жалган же анык эмес сындуу белгилери бар маалыматка жетүүнү сотко чейинки чектөө жөнүндө чечим чыгарат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жалган же анык эмес сыяктуу белгилери бар маалыматты алып салуу жөнүндө билдирмесин тоготпой койгон же аткарбай койгон учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот органдарына кайрылууга укуктуу.
Төмөнкү учурларда Интернетти кайра колдонуп баштоого мүмкүндүк берилет:
- жетүүнү чектөөгө алып келген себептин четтетилишине жараша;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча.
Интернетти кайра колдонуп баштоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
7-берене
1. Провайдер Кыргыз Республикасынын аймагында Интернет түйүнүнүн колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалыматтарын, жазуу тексттерин, сүрөттөрүн, добуштарын же башка электрондук маалыматтарын кабыл алуу, берүү, жеткирүү жана (же) иштеп чыгуу фактылары жөнүндө маалыматты жана ушул колдонуучулар жөнүндө маалыматты мындай иш-аракеттер аяктаган учурдан тартып алты ай ичинде сактап турууга, ошондой эле аталган маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда сот органдарына, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун коргогон же ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө милдеттүү.
2. Провайдерлердин ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматты сактоо тартиби, ошондой эле аны сот органдарына, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун коргогон же ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүү боюнча өз ара аракеттенүү иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Провайдер Кыргыз Республикасында жайылтууга чектөө же тыюу салынган маалыматты чектөөгө алат же ага жетүүгө тыюу салат.
Маалыматка жетүүнү чектөө же тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8-берене
1. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.
2. Провайдер, Интернет түйүнүндөгү сайттын же сайттын баракчасынын ээси укук ээсинин алдында жана колдонуучунун алдында маалыматты чектөө жана (же аны жайылтууну чектөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.
9-берене
1. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты ай ичинде:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-tarmakka-zhazylgan-ar-bir-sz-emi-katuu-teksherilet
Добавить комментарий ×