Сочиде кардарлар деңизге түшпөй эс алышууда
Россиянын Сочи курорттук шаары 1-июндан тарта эс алуучулар үчүн өз каалгасын ачты. Алгачкы конокторду шаардын мэри Анатолий Пахомов тосуп алганын РИА Новости белгилейт.
Эс алууга келген кардарлар алгач COVID-19га тест тапшырып, коронавирус илдети менен ооругандар менен байланышта болбогон деген кагазын көрсөтөт. Андан сырткары беткап жана антисептиктерди сөзсүз колдонуусу каралган.
Эң кызыгы эс алуучуларга деңизге түшүүгө азырынча тыюу салынган. Санаторийдин гана суусуна (бассейн) аралыкты сактап түшүүгө болот. Бирок ал эс алуучулар үчүн ыңгайсыз болгону менен нааразы болгондор аз. Таза абада гана сейилдеп жатканда маска тагынбоого уруксат берилген. Тамактануу столдору 2 метр аралыкта коюлуп, ар бир кардар алмашкан сайын дезинфекциядан өтүп турат.
Мындан сырткары Россиянын аймагындагы башка курорттук шаарлар да аз-аздан эс алуучуларды кабыл алууда.
Ссылка: https://barometr.kg/sochide-kardarlar-deizge-tshpj-es-alyshuuda
Добавить комментарий ×