Сүлүктүдө шахта урап түшүп, 37 жаштагы киши каза болду
Бөлүшүү:
Сүлүктүдө шахтада кырсык болуп, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Сүлүктү шаарында 22-декабрь күнү саат 10:40 чамасында ЖЧК “Ашымбаев” шахтасы урап түшүп, 1 эркек адам (1983-жылы туулган) калып калган.
23-декабрь күнү жеринде КР ӨКМнин 16 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, 20 шахта кызматкерлери издөө иш чараларын жүргүзүп, маркумдун жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/slktd-shahta-urap-tshp-37-zhashtagy-erkek-kaza-boldu
Добавить комментарий ×