Сөөк оорусунун негизги жети себеби
Сөөк же болбосо муундардын оорусу көптөгөн адамдарды ойлондуруп келет. Биздин сөөктөрүбүз эмне себептен, кандай учурда ооруйт? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Арийне, сөөк оорусун толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок, оорунун алдын алып, бираз болсо да ооруну басаңдатууга болот.
1.Тукум куучулук
Эгерде сиздин ата-энеңиз жаш кезинде сөөктөрү ооруган болсо, анда ал нерсе дагы сизде кырк пайыз кайталана тургандыгын адистер айтышат.
2.Жаш өзгөчөлүк
Адамдардын жашы өткөн сайын, кальций витамини жетишпей сөөк оорусу пайда болот экен. Башкача айтканда, карыган сайын организмде витаминдер азайып, сөөктөрдүн жукаруусуна алып келет. Андыктан адистер кырк жаштан өткөндө кальций витаминдерин ичүүнү сунуштайт.
3.Жыныстык өзгөчөлүккө жараша
Эркекке караганда аялдар сөөк оорусуна көп кабылат. Ал анткени аялдарда горманалдык өзгөрүүгө жараша. Мисалга, төрөттөн кийин. Төрөгөн соң аялдардын көпчүлүгү организминдеги витаминин балага кетет. Ошол учурда да аялдар түрдүү витаминдерди колдонуусун адистер эскертет.
4.Ар түрдүү травмалар
Мындай абалга көпчүлүк учурда спорт менен машыккан адамдар кабылат. Анткени алар сөөктөрүнө дайыма күч келтирип келишет.
5.Инфекция
Муун жана сөөк ооруларынын бирден-бир себеби бул инфекцияга кабылуу. Тагыраак айтканда, организмдеги канга инфекция пайда болгон учурдан баштап, сизди сөөгүңүздү сыздатып оорутуп баштайт. Муну менен бирге ичеги оорулары, жатындагы инфекциялар себеп болбмокчу.
6.Ашыкча салмактуулук
Ашыкча салмактуулук дагы муун ооруларын пайда кылат.
7.Туура эмес тамактануу
Мисалга, күнүмдүк рационго майлуу балык, этти жана туздуу нерселерди колдонгондор кабылат. Ага утурлай спирт ичимдиктерин көп колдонгондор дагы сөөк оорусу менен жабыркагандыгын адистер эскертет.
Сөөк оорусунун алдын алуу
Эгерде сиз сөөк оорусуна кабылып жүрсөңүз, анда сүзүү, велосипед тебүү спорттун түрлөрү сизге жардамга келет. Ал анткени бул жол аркылуу сиз ден соолугуңузду бекемдеп, кан айлануу системасын жакшырта аласыз.
Ссылка: https://barometr.kg/sk-oorusunun-negizgi-zheti-sebebi
Добавить комментарий ×