Сиздин акчаны көбөйтө турган сөздөрдү жаттап алыңыз!
Бир эле айлыкка карап жашагандан чарчадыңызбы жана чоң жетишкендиктерге жетишүүнү каалап жатасызбы? Дал ушундай абалды миллионерлер байлыкка жетишүү алдында баштарынан өткөрүшкөн жана акырындап отуруп чыныгы байлыкка кол жеткиришкен.Заманбап дүйнөдөгү байлардын байышына жардам берген сөздөргө көз жүгүртүңүз!
1. “Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап,машыгууну баштаңыз! Мындай жол менен адам сулуу, ден соолугу чың жана бай болот”,-деп айткан бизнесмен Роберт Кийосаки.
Илимий жактан машыккан дене мээнин иштөөсүн бир канча эсе жакшырта турганы далилденген.
2. «Эгерде бир нерсеге жетишүүнү каалап жатсаңыз, ар бир күнү өзгөрүңүз. Алдыга кетесизби же ушул турган жериңизде тура бересизби чечиңиз. Өзгөрүү кыймылсыз мүмкүн эмес”,-деп айткан америкалык ишкер Джеймс Альтушер.
Толук өзгөрүүгө үч жыл керек деп коюшат. Ошондуктан азыр эле өзгөрүүнү күтө калбай акырындап аракет кыла бериңиз.
3. «Бизнести кайдан баштаганыңыз, улгайганыңыз же жаш экениңиз маанилүү эмес. Маанилүүсү кайсы багытка бар турганыңызда. Бир аз багытты өзгөртүп койсоңуз каршылык сизге жагымдуу жагдай түзүп берет. Иштегенден талыкпа ошондо гана маңдайыңдан күйгүзгөн күн, артыңдан тие баштайт”,-деп айткан белгилүү бай жана ишкер Уоррен Эдвард Баффетт.
Алдыга максат коюп ошого карабай багытты түздөп жыла бериңиз.Дайыма максаттын багытын карманып кете берсеңиз жашоо ага жете турган кыскача жолду көрсөтүп берет.
4. “Ар бир күнү жакшылап уктаңыз, туура тамактаныңыз, көз карандылыктын кайсы гана түрүнөн болбосун кутулуңуз.Бош убактыңызда сиз сүйгөн, сизди шыктандырган адамдар менен гана баарлашыңыз. Дайыма окуп билим алыңыз, дайыма жаңы идеяларды жакшы идеяларды жаза жүрүңүз. Күнүгө он идея жазыңыз”,-деп айткан белгилүү ишкер Клаудия Альбушер.
Кирешеңизди көбөйтпөй турган иш менен алектенбеңиз, наалыган жана жалкоо адамдар менен убакыт өткөрүүнү азайтыңыз.Жакшы идеяларды топтоп аларды акчага айлантканды билиңиз!
Ссылка: https://barometr.kg/sizdin-akchany-kbjt-turgan-szdrd-zhattap-alyyz
Добавить комментарий ×