Сиз дүйнөдөгү эң чоң мышыкты көрдүңүз беле? Ал Гиннестин рекорддор китебине кирип интернет жылдызына айланды (сүрөт)
Дүйнөдөгү эң узун мышык деп узундугу 1,2 метр болгон мышык табылды. Ал Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мышыктын аты Баривель, ал болгону 2 жашта.
Мышыктын кожейкеси Чинзия Тиннарелло интернеттеги жеке баракчасына:
"Бул сертификаты бар чемпион. Баривель — дүйнөдөгү эң узун үй мышыгы", -деп анын сүрөтүн чыгарган.
Мышыкты ченегенде узунудугу 1,2 метр экени аныкталган.
Мышык Италиянын Виджевано шаарында жашайт. Кожоюндары аны башынан эле чоң болорун божомолдошконун айтышууда.
"Биздин мышык менен сүрөткө түшүүгө кызыгып келгендер көбөйүп жатат", — деди кожоюндары.
Алар ошондой эле жаныбарынын жеке Instagram баракчасы бар экенин кошумчалашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/siz-djndg-e-cho-myshykty-krdz-bele-al-ginnestin-rekorddor-kitebine-kirdi-srt
Добавить комментарий ×