Криштиану Роналду дагы бир дүйнөлүк рекорд койду

1 август 2023 13:52 1475 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сауд Аравиянын "Аль-Наср" клубунун чабуулчусу португалиялык футболчу Криштиану Роналду расмий оюндарда башы менен гол киргизүү боюнча рекорд койду. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 38 жаштагы чабуулчу араб чемпиондугунун клубдар аралык кубогунун тайпалык баскычында тунистик “Монастир” командасы менен болгон беттешинде төрт (4:1) гол киргизген. 

Ошентип, жалпысынан Роналду расмий матчта 145 жолу башы менен гол киргизип, рекорд койду. 
Бул көрсөткүч боюнча ал башы менен 144 гол киргизген Германия курама командасынын экс-чабуулчусу Герд Мюллерди артка калтырды. Үчүнчү орунду испаниялык Карлос Сантильяна 125 жолу ьашы менен гол киргизген футболчу катары ээлейт. 

Роналду Сауд Аравиянын клубунда жарым жылдан бери ойноп, футбол тарыхында эң көп маяна алган оюнчу бойдон калууда.  

Ал келишим боюнча жылына 200 миллион евро алат.  
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldu-dagy-bir-djnlk-rekord-kojdu



Добавить комментарий