Шыкмаматов каза болгон жубайына арнап «Кош, жаным, жарым, Жанарым!» аттуу ыр жазды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов жакында гана каза болгон жубайына арнап ыр чыгарды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыгып, 6-июлга караган түнү Улуттук госпиталда көз жумган.
«Кош жаным, жарым, Жанарым!»
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.
Өксүдү жаным, ый толуп,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп.
Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең.
Асылым сени, жар кылып,
Төрөп берген ата-энең.
Адамдан элең башкача,
Жарашчу сени мактаса.
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса.
Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой.
Кош жаным, жарым асылым!
Жоготту жүрөк жакынын.
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.
Алмамбет Шыкмаматов жана анын келинчеги үч уул, бир кызды тарбиялап келишкен.
Добавить комментарий ×