Швецияда Куранды бир нече жолу өрттөгөн Ирактын жараны өз өлкөсүнө депортацияланышы мүмкүн

27 октябрь 2023 16:44 906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куран өрттөөнү уюштурган ирактык иммигрант Салван Момика Швециядан депортацияланат. Бул тууралуу Iraqi News басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Порталдын айтымында, иммиграция кызматы Момиканын убактылуу жашоого уруксат кагазын узарткан эмес жана ага Швецияга беш жылга кирүүгө тыюу салынат.  

"Швециянын иммиграция кызматы Момиканы өлкөдөн депортациялоо чечимин кабыл алды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Өз кезегинде, Салван Момика бул чечимге каршы чыга турганын буга чейин билдирген.

 "Мага жарым саат мурун билдирүү келди. Алар менин убактылуу жашоого уруксатымдын мөөнөтү бүткөндө өлкөдөн чыгып кетишимди каалап жатышат. Алар мени кабыл ала турган өлкөнү табышымды айтышты, антпесе ал Иракка депортацияланат", - деп айткан. 
37 жаштагы Момика Швециянын ар кайсы жерлеринде Курандын көчүрмөлөрүн өрттөп, мазактаган бир нече демонстрацияларды уюштургандан кийин көптөгөн өлкөлөрдө жана ислам уюмдарында нааразылык жараткан. 

Мындай демонстрациялардын биринчиси 28-июнда Стокгольмдун борбордук мечитинде болуп, анда ирактык иммигрант ыйык китептин бир нече барагын айрып, өрттөп салган. 

Ирак Интерполду Швецияда Куран өрттөгөнү үчүн Момиканы кармап, Багдадга өткөрүп берүүгө чакырды. 

26-июлда БУУ Марокко даярдаган консенсус резолюциясын кабыл алды, анда ыйык китептерге каршы бардык зордук-зомбулук аракеттери айыпталган, анткени бул аракеттер эл аралык укукка каршы келет.



Ссылка: https://barometr.kg/shveciyada-yjyk-kuran-kitebin-bir-neche-zholu-rttgn-iraktyn-zharany-z-lksn-deportaciyalanyshy-mmkn



Добавить комментарий