Швецияда түрк элчилигинин алдында Куран китебин өрттөгөн жаранга карата сот өкүм чыгарды

5 май 2023 12:28 1619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Швециянын прокуратурасы Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык Куран китебин өрттөгөн Расмус Палуданды сыртынан соттоду. Бул тууралуу Aftonbladet басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ашынган оңчул жана исламга каршы «Жесткий курс» партиясынын активисти Расмус Палудан январь айында мусулмандардын ыйык Куран китебин өрттөп жиберген. 

Расмус Палудан азыркы учурда Данияда баш калкалап жүрөт. 

Басылманын маалыматына караганда, Швециянын укук коргоо органдары активистке каршы улуттар аралык кастыкты козуткан, ошондой эле кемсинткен жана орой шылдың кылганы үчүн иликтөө иштерин баштаган. 

Расмус Палудан суракка чакырылган, бирок ал Швецияга келүүдөн баш тарткан.  

“Расмус Палудандын ишин караган прокурор Адриан Комбиер-Хогг Дания полициясынын жардамы менен аны Данияда суракка алууну карап жатат”, -деп билдирет Aftonbladet.  

Басылманын айтымында, Расмус Палудан Швецияга келсе  дароо камакка алынат.   

«Жалпысынан Швеция полициясы жана өзгөчө Мальмё полициясы мени коргогусу келбейт, ошондуктан Швецияга келүү мен үчүн кооптуу. Мальмё полициясы исламдашкан таштанды таштоочу жай», - деди ал басылмага камакка алуу тууралуу маалыматка жооп берип жатып.    

Активист Даниянын аймагынан видеобайланыш аркылуу швед полициясына сурак берүүгө макул болгонун кошумчалады.    

Январь жана февраль айларында Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Куран өрттөлсө, ошол эле айда мэриянын алдына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга окшош куурчак илинген.      

Акциялар Расмус Палуданга таандык. Бул окуялардан кийин Түркия Швециянын НАТОго кирүүсүнө макулдук бербей турганын жарыялады.     

Ссылка: https://barometr.kg/shveciyada-trk-elchiliginin-aldynda-musulmandardyn-yjyk-kuran-kitebin-rttgn-zharanga-karata-sot-km-chygardy



Добавить комментарий