Ирак кыргызстандык аялдын өлүмүн расмий тастыктады

27 октябрь 2021 11:59 1879 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирак кыргызстандык Светлана Михинанын Багдадда каза тапканын расмий түрдө тастыктаганын билдирди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

26-октябрда Ирак тарап менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Светлана Михина чыны менен каза тапканы жана анын сөөгү Багдаддагы моргдо экени белгилүү болду.

Кувейттеги Кыргызстандын элчилигине аялдын каза тапканы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү келди, өлүмдун себебинин соттук-медициналык бүтүмү күтүлүп жатат.

Азыркы учурда ТИМ тарабынан каза тапкан аялдын жолдошу А. М.га виза берүү жана сөөктү Кыргызстанга алып келүү иштерине көмөк берилүүдө.

Эскерте кетсек, каза тапкан аялдын жакындары журналисттерге анын өлүмү тууралуу маалыматтарды тактай албай жатышканын айтып кайрылышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/irak-kyrgyzstandyk-ayaldyn-lmn-rasmij-tastyktady



Добавить комментарий