Штаб: 15-майда Стамбулдан келген жүргүнчүлөрдүн баары үй карантинине чыгарылды
Бөлүшүү:
15-майда Стамбул – Бишкек багыты боюнча учуп келген 330 кыргызстандыктан коронавирус илдети аныкталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Андыктан алардын бардыгы үй карантинине чыгарылды.
“Баары эрежелерди катуу сактоо менен үй карантинине жиберилди”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жүргүнчүлөр келери менен обсервацияга алынып, тийиштүү медициналык текшерүүдөн өтүшкөн.
Жакында эле Россиядан 378 кыргызстандык келип, обсервацияга алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/shtab-15-majda-stambuldan-kelgen-zhrgnchlrdn-baary-j-karantinine-chygaryldy
Добавить комментарий ×