Штаб: 15-майда Стамбулдан келген жүргүнчүлөрдүн баары үй карантинине чыгарылды

18 мая 2020 11:50 1068 Barometr
Поделиться в:
ok

15-майда Стамбул – Бишкек багыты боюнча учуп келген 330 кыргызстандыктан коронавирус илдети аныкталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Андыктан алардын бардыгы үй карантинине чыгарылды.

“Баары эрежелерди катуу сактоо менен үй карантинине жиберилди”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жүргүнчүлөр келери менен обсервацияга алынып, тийиштүү медициналык текшерүүдөн өтүшкөн.

Жакында эле Россиядан 378 кыргызстандык келип, обсервацияга алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/shtab-15-majda-stambuldan-kelgen-zhrgnchlrdn-baary-j-karantinine-chygaryldy



Добавить комментарий