Шевченко кыргыз футболчуларына ийгилик каалады

4 июнь 2021 20:48 1672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко алдыдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргыз улуттук курама командасына ийгилик каалады. Бул тууралуу Шевченконун соцтармактагы баракчасына жарыяланган билдирүүгө шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Шевченко кыргыз футболчуларына ийгилик каалаган билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

"Алдыда болуучу футбол боюнча чемпионатта Кыргызстандын курама командасына ийгилик каалайм. Алга жигиттер!", - деди Шевченко.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-июнь күнү Монголия менен, 11-июнь күнү Мьянма менен, 15-июнь Япония менен ойнойт.


Ссылка: https://barometr.kg/shevchenko-kyrgyz-futbolchularyna-ijgilik-kaalady



Добавить комментарий