Шашылыш эскертүү: 17-18 февралда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

17 февраль 2022 13:44 1320 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 17-18-февралдарында абанын температурасы кескин төмөндөйт. 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз  -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-17-18-fevralda-kyrgyzstanda-aba-yrajy-keskin-zgrt



Добавить комментарий