Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

30 сентябрь 2025 10:45 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2025-жылдын 1-2-октябрында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

1-октябрда күндүз Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы төмөндөп 10…15°, кечке жакын 2…7° болушу күтүлөт.

2-октябрда абанын температурасы төмөндөп: 

  • Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, 
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21°, 
  • Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15° жылуулукка чейин, 
  • тоолуу райондордо түнкүсүн -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-tooluu-rajondordo-kar-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий