Шашылыш билдирүү! Кайрадан кар жаап, жолдор тайгак болот

28 апрель 2023 10:21 958 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бийик тоолу аймактарда кайрадан кар жаап, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн 28-апрель күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак тартып, унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаратат. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.


Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-kajradan-kar-zhaap-zholdor-tajgak-bolot



Добавить комментарий