Шашылыш билдирүү! Бишкек-Ош унаа жолу тайгак болуп, көчкү түшүшү мүмкүн

5 декабрь 2022 15:43 650 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, ОШ-Бишкек унаа жолдору тайгак болорун эскертти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

6-декабрдан 8-декабрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75- чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңо турганы эскертилди.

Айдоочуларга эскертүү.

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары-дармек кутучасы менен камсыз болуңуздар.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-bishkek-osh-unaa-zholu-tajgak-bolup-kchk-tshsh-mmkn



Добавить комментарий