Шашылыш билдирүү! Катуу шамал, жаан-чачын, мөндүр жаашы күтүлөт

3 май 2020 14:45 2208 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 4-майда түнкүсүн жана 5-7-майларында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.

4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, 5-7-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын  4-7-майында  күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.


Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-katuu-shamal-zhaan-chachyn-mndr-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий