Шашылыш билдирүү! Катуу шамал, жаан-чачын, мөндүр жаашы күтүлөт
2020-жылдын 4-майда түнкүсүн жана 5-7-майларында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, 5-7-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2020-жылдын 4-7-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-katuu-shamal-zhaan-chachyn-mndr-zhaashy-ktlt
Добавить комментарий ×