Шашылыш билдирүү! Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт
Бөлүшүү:
2018-жылдын 23-июлунда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу жана мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрүүсүнө байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.Бул туурасында бүгүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Өлкөдө 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Добавить комментарий ×