Шашылыш билдирүү! Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

23 июль 2018 20:10 2759 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

 2018-жылдын 23-июлунда  абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу жана мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрүүсүнө байланыштуу республиканын  дарыяларында  суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.Бул туурасында бүгүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Өлкөдө 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-abanyn-temperaturasynyn-zhogorulashyna-bajlanyshtuu-daryyalarda-suunun-degeeli-ktrlsh-ktlt



Добавить комментарий