Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин төмөндөп, жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

12 март 2021 14:36 2017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

13-15-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

13-15-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. 14-мартта күндүз Чүй, Ош,  Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт.  

14-16-мартта абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, 15-17-мартта Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-aba-yrajy-keskin-tmndp-zhaan-chachyn-katuu-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий