Шашылыш билдирүү! 9-10-октябрда үшүк жүрүшү күтүлөт
Бүгүн республика боюнча жаан жаап, акыркы үч күндө аба-ырайынын чукул өзгөрүлүшү күтүлөт. Айрым аймактарда жааган жаан карга айланышы мумкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, ал эми Нарын, Ысык-Көл аймактарында 10-15 метрге чейин жетет.
8-10-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1...6°, күндүз 10...15° болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8...13°, күндүз 13...18° градусту түзөт.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1...6°, күндүз 8...13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн −1...-6° суук, күндүз 3...8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −7...-12° суук, күндүз 0...5° жылуу болушу күтүлөт.
9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде −1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
«Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат», — деп эскертет ӨКМ.
Добавить комментарий ×