Шарабидин Токтосунов: "Атамбаевдин тарапташтары Кант базасынан эмнени жашыруун алып чыкты?"

26 июль 2019 11:13 7496 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарибидин Токтосунов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын унаалары Канттагы авиабазага кирип чыкканда текшерилбегенин социалдык тармакта жазды.

"Менин  таң калганым Атамбаевти Москвага учурганда да, учуп келгенде да авиабазага автоунаалары менен кирип, автоунаалары менен чыгышты. Ким ал автоунааларды текшерди, ал автоунааларда курал барбы? Акча барбы же дагы эмне бар? Бул жагынан караганда укук коргоо органдары өз милдеттерин так аткара алышкан жок. Москва аларга эмне бергенин бир кудай билет жана өздөрүбилет, ушул жагын караш керек эле. Бул жагынан алар утушту", - деп жазды адвокат.

Ссылка: https://barometr.kg/sharabidin-toktosunov-atambaevdin-taraptashtary-kant-bazasynan-emneni-zhashyruu-alyp-chykty



Добавить комментарий