Шайлоо-2020: Ошто бир айда дээрлик 34 миң киши каттоого турду

13 февраль 2020 16:40 997 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

1-январдан 11-февралга чейин Ош шаарына 33 миң 905 киши каттоого турду. Бул тууралуу Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарына каттоого тургандардын саны көбөйгөн, маалыматка ылайык, бир айда Токмокко 6 950 киши каттоого турган.

Ошондой эле, Каракол шаарына 2,8 миң, Балыкчыга 489 жана Майлуу-Сууга 272 киши каттоого турган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев шаардык кеңешке шайлоо боло турчу калааларда убактылуу каттоого тургандардын саны бир кыйла өскөнүн айтып, нааразычылыгын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/shajloo-2020-oshto-bir-ajda-deerlik-34-mi-kishi-kattaoogo-turdu



Добавить комментарий