Жанар Акаев: Саясий партиялардын калкыбызга кам көргөнү ушубу?

13 февраля 2020 10:41 728 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээки жыйында депутат Кенежебек Бокоев жер-жерлерде жарандарды жапырт жасалма катоолор жүрүп жатканы жөнүндө маселе көтөргөн. Чынында эле ошондой болуп жатат. Саясий партиялардын калкыбызга кам көргөнү ушубу? Биз мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Мен жаңы эле Ошко барып келдим, андагы абал өтө татаалдашып калыптыр. Жергиликтүү кеңештерге шайланууга бара турган саясий партияларга паспортторун алдырып жиберген адамдар жөлөкпулдарын, студенттер стипендияларын алалбай жатат. Менимче, бүгүнкү жыйынга өкмөт өкүлдөрүн, укук коргоо органдарынын, Мамкаттоо кызматынын, БШКнын жетекчилерин чакырып, алардын азыркы абал боюнча маалыматын угуп, анан кырдаалга жараша кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек», - деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhanar-akaevsayasij-partiyalardyn-kalkybyzga-kam-krgn-ushubu



Добавить комментарий