Шахзода жакында Кыргызстанга келет
Орто Азиянын белгилүү ырчысы, киноактриса Шахзода жакында Кыргызстанга келип концерт коёт. Бул туурасында интернет баракчаларына ырчынын Ош жана Жалал-Абад облустарында анын күйөрмандары менен жакында жолугушаары тууралуу видео кайрылуусу чыкты.
Өзбек ырчыларынан Шахзода Кыргызстанга байма-бай келип өз өнөрүн калың журтка тартуулап келет. Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарына келип, Спорт Ордосунда "Аромат" деген аталыштагы концертин коюп кеткен. Билет баасы 3500 сомго чейин чыккан. Ал эми, 2010-жылы келгенинде элдер залга батпай, көп болуп, бирок ырчы 1 сааттай эле ырдап койгонун айтышып, Шахзоданын концертине тойбой калгандарын билдиргендер болгон эле.
Ссылка: https://barometr.kg/shahzoda-zhakynda-kyrgyzstanga-kelet
Добавить комментарий ×