Шаардык сквердеги шам чырактарды талкалап кетишти
Бейбаштар Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги шаардык сквердеги шам чырактарды талкалап кетишкенин Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда Бишкекжарыктын кызматкерлери бузулууларды дароо калыбына келтирип, 65 лампаны жана 12 шар-жарык бергичтери алмаштырды.
Мэриядан белгиленгенине караганда көчөдөгү жарыктар бейбаштардын бутасына биринчи жолу кабылган жок. Андыктан муниципалитет шаардык мүлккө аяр мамиле жасоого чакырат. Аны калыбына келтирүү кошумча адам ресурстарын жана каржы талап кылат.
«Эгерде мүлктү бүлүндүрүүгө күбө болсоңуздар Бишкек ИИББдин WhatsApp-каналына 0708102000 кайрылыңыздар»,-деп жазган мэрия.
Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-skverdegi-sham-chyraktardy-talkalap-ketishti
Добавить комментарий ×