Шаардагы жарылуудан улам эл массалык түрдө үйлөрүн таштап кетүүдө
Казакстандын Туркестан областындагы Арысь шаарындагы райондук ооруканадан бейтаптарды эвакуациялап жатышат. Бул тууралуу nur.kz кабарлады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, көпчүлүк тургундар үйлөрүн таштап массалык түрдө кетип жатышат.
“Биз борбордо жашайбыз, баарын таштап талаага качып чыктык, андан кийин эл кетип жатканын угуп унаага отуруп жөнөп кеттик”,-дейт Арысь шаарынын тургуну Кайрат.
Эскерте кетсек, бүгүн саат 9:20да аталган шаардагы Түркестан областынын аскер бөлүгүндө жарылуу болгон. Азыркы учурда өрт өчүрүү жана эвакуациялык иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле жабыркагандар тууралуу маалыматтар такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/shaardagy-zharyluudan-ulam-ele-massalyk-trd-jlrn-tashtap-ketd
Добавить комментарий ×