Сеулдун мэринин сөөгү табылды. Ал кызына акыркы кат жазган (Сүрөт)

10 июль 2020 13:50 1219 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сеулдун мэри Пак Вон Сундун мекендештеринен жана үй-бүлөсүнөн кечирим сураган акыркы каты жарыяланды. Бул тууралуу “Ренхап” басылмасынан “Барометр” которду.

Буга чейин Түштүк Кореянын борбору болгон Сеул шаарынын мэри жоголду деген маалымат тарап, издөө салынган.

Мэрдин сөөгү кечээ, 9-июлда Пугаксан тоосунан табылды.

Калаа башчысы кызына акыркы кат жазып калтырган. Аны тапкан кызы полиция кызматына кайрылып издөө башталган.

“Мен барынын алдында күнөлүүмүн. Мени менен чогу болгондорго рахмат. Үй-бүлөм алдында күнөмдү дайым сезип келем жана аларга бир гана кайгы тартууладым”, - деп Пак Вон Сун коштошуу катын жазган.

Полициянын берген маалыматына караганда, Пак Вон Сундун денесинен атайылап өлтүрүүнүн көрүнүштөрү байкалган эмес, учурда анын өлүмү такталууда.

Белгилей кетсек, ал Сеул шаар башчылыгына 2011-жылы келген.

Ссылка: https://barometr.kg/seuldun-merinin-sg-tabyldy-al-kyzyna-akyrky-kat-zhazgan-srt



Добавить комментарий