"Семетейдеги" обсервацияда интенсивдүү терапия палаталар ачылат (Сүрөт)

13 июль 2020 17:42 2202 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Семетей "обсервациясында 400 орунга интенсивдүү терапия палаталары ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратта учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар «Семетей» обсервациясына келип түшкөн оор абалдагы бейтаптарды дарылоо жана динамикалык байкоо үчүн түзүлүүдө. 

Бүгүн, 13-июлда өкмөт башчы обсервациядагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып келди.

«Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус жана пневмония менен ооругандардын санынын көптүгүн эске алуу менен ыкчам түрдө кошумча орундарды ачуу чечими кабыл алынган. Мында сапаттуу дарылоо жана медициналык персоналдын иши үчүн бардык шарттар эске алынат», - деди Боронов.

Интенсивдүү терапия палаталары эртеңден баштап бейтаптарды кабыл алууну баштайт. 

Эскерте кетсек, , «Семетей» обсервациясында жаңы 400 орунду кошкондо жалпы 1700 орун бар.

Ссылка: https://barometr.kg/semetej-observaciyasynda-400-orunga-intensivd-terapiya-palatalary-achylat



Добавить комментарий